17:14, 8-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (40 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

На русском
12:59, 8-апрель, 2026 227

АКИpress - Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Ал 76 кг чейинки салмак категориясында катышып, 1/4 финалдык этаптан баштады. Турнирдеги биринчи беттешинде кыргызстандык спортчу Кытайдын өкүлү менен күрөшүп, туше менен жеңишке жетти.

Эми жарым финалда Медет кызынын атаандашы Кытай Тайбэйинин спортчусу болот. Буга чейин жарым финалга Мээрим Жуманазарова да чыккан.

Жарым финалдын беттештери саат 16:45те башталат.

Беттештер:

  • Айпери Медет кызы — Вэнцзи Ли (Кытай) — 6:6, Медет кызынын туше менен жеңиши

Жарым финал

  • Хуэй Чанг (Кытай Тайбэйи) — Айпери Медет кызы.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»