АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алгачкы жеңилүүсүнө дуушар болду.
Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир ушул күндөрү София шаарында 6 команданын катышуусунда өтүүдө.
7-апрелде экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандыктар Кытай Тайбейинин курама командасына каршы ойноду.
Беттеш Кытай Тайбейинин 5:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Болгарияны 5:3 эсебинде уткан.
Үчүнчү турдун беттештери 9-апрелде өтөт, кыргызстандыктар Исландия менен ойнойт.