АКИpress - 7-апрелде «Ак-Тилек» көзөмөл постунда Казакстандан келген 22 тонна картөшкө өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, карантиндик-фитосанитардык көзөмөл учурунда Чүй-Бишкек аймактык өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери продукциянын таңгагында милдеттүү белгилөө жок экенин аныкташкан.
Министрлик эске салгандай, мындай продукциянын ар бир таңгагында товардын аталышы, чыккан өлкөсү, экспорттоочу өлкө жана зарыл болсо кайра экспорттоочу өлкө көрсөтүлүшү керек. Карантиндик фитосанитардык талаптар бузулгандыктан, жүк кайра артка кайтарылды.