14:03, 8-апрель, 2026

Кыргызстандын өспүрүм футболчулары (U-17) Өзбекстанга утулду

На русском
08:47, 8-апрель, 2026 165

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-17) Өзбекстандагы эл аралык турнирде жеңилүү ызасын тартты.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионаты ушул күндөрү Ташкентте беш курама команданын катышуусунда өтүүдө.

7-апрелде экинчи турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандыктар Өзбекстандын курамасына каршы ойноп, 1:2 эсебинде утулуп калышты. Игорь Кудренконун командасынын жалгыз голун 12-мүнөттө Алымбек Исаев киргизди.

Бул Кыргызстан курама командасы үчүн аталган турнирдеги биринчи жеңилүү  болду. Буга чейин кыргызстандыктар Ооганстан курама командасын 2:1 эсебинде жеңген.

3-турдун оюндары 9-апрелде өтөт, кыргызстандыктар Тажикстан курама командасы менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»