03:57, 8-апрель, 2026

Акжол Махмудов төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

На русском
19:50, 7-апрель, 2026 576

АКИpress - Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Турнир ушул күндөрү Бишкекте өтүп жатат.

Кыргызстандык спортчу 77 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Ал Япония, Казакстан, Өзбекстан спортчуларын жеңип, финалга чыккан. 

7-апрелде финалда кыргызстандык балбан Ирандын өкүлү менен беттешип, жыйынтыгында жеңишти камсыздады.

Бул Махмудовдун Азия чемпионаттарында алган төртүнчү алтын медалы. 

Беттештер:

1/8 финал

Акжол Махмудов - Исами Хорикита (Япония) — 7:3

1/4 финал

Акжол Махмудов - Кахраман Киссыметов (Казакстан) — 9:1

Жарым финал

Акжол Махмудов - Дониёрхон Накибов (Өзбекстан) — 9:0

Финал

Акжол Махмудов - Али Забихолла Оску (Иран) — 3:3, Махмудовдун жеңиши

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»