АКИpress - Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал бүгүн, 7-апрелде 67 кг чейинки салмак категориясында мелдешке чыгып, беттешин 1/4 финалдан баштады. Алгач кыргызстандык балбан Кореядан келген спортчуну жеңип, жарым финалда эки мүнөткө жетпей ирандык балбанды утту.
Эми Бейшекеевдин алтын медаль үчүн атаандашы жапониялык Кенцуке Шимицу болот. Мелдеш 8-апрелде өтөт.
Беттештер:
1/4 финал: Раззак Бейшекеев — Ханжае Чунг (Корея) — 5:1
Жарым финал: Раззак Бейшекеев — Ахмадреза Мохсен Нежад (Иран) — 9:0
Финал: Раззак Бейшекеев — Кенцуке Шимицу (Япония)