00:27, 8-апрель, 2026

Кылмыш иштери боюнча мамлекетке 70 млрд сомдон ашык зыян кайтарылды

На русском
17:13, 7-апрель, 2026 249

АКИpress - Кыргызстанда аягына чыгарылган кылмыш иштери жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган материалдар боюнча аныкталган жалпы зыян 70 млрд 680 млн сомду түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын 2025-жылдагы отчетунда жазылган. 

Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

Кайтарылган каражаттардын эң чоң бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге таандык — 67,9 млрд сомдон ашык. Ички иштер министрлиги аркылуу 1,4 млрд сомдон ашык, аскер прокуратурасы тарабынан — 884 млн сомго жакын, ал эми башка органдардын материалдары боюнча — жүздөгөн миллион сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле тергөөдөгү кемчиликтерди жоюу максатында прокуратура тарабынан 90 кылмыш иши, ал эми соттор тарабынан 136 иш кошумча иликтөөгө кайтарылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»