04:32, 8-апрель, 2026

УКМК кызматкерлерине карата 386 арыз каралууда, арасында «купуя сыр» делген иш бар, - башкы прокурор

На русском
16:14, 7-апрель, 2026 758

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине карата 386 арыз каралып жатканын 7-апрелде Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу соңку окуялар тууралуу маалымат берүүнү, канча киши кармалганын жана кандай иштер козголгонун суранды.

Башкы прокурор Максат Асаналиев учурда Аскер прокуратурасы тарабынан коррупция жана кызматтык абалынан пайдаланууга байланышкан кылмыштар боюнча 18 иш иликтенип жатканын айтты. Алардын алкагында 9 кызматкер жоопкерчиликке тартылып, 8 адам камакта, 1адам соттун чечими менен үй камагына алынган. «Купуя сыр» делген бир иш да иликтенип жатат.

Сыдыгалиев ишкерлер тарабынан кайрылуулар болуп жатканын белгилеп, канча арыз келип түшкөнүн сурады.

Башкы прокурор УКМК кызматкерлерине карата жалпысынан 386 арыз каралып жатканын билдирди. Алардын ичинен жогоруда аталган кылмыш иштери, өндүрүштүк иштер, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурлар бар.

Сыдыгалиев «кустуризация» кандай жүргүзүлгөндүгүн жана анын мыйзамдуулугу канчалык деңгээлде болгондугун сурады.

Башкы прокурордун айтымында, кылмыш ишинин алкагында, тергөөчү, прокурор же соттун чечимдеринин негизинде кылмыштан улам келтирилген материалдык чыгымды өндүрүү максатында көптөгөн объект жана мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

«Ал боюнча убагында тергөөнүн жүрүшүндө прокуратура тарабынан көзөмөл иретинде баа берилген. Бүгүнкү күндө ал мүлктүн басымдуу бөлүгү Маммүлк фондуна өткөрүлгөн. Акча каражаттары болсо тергөө органдарынын атайын эсептеринде же болбосо өткөн жылдардагы акча каражаттары — Каржы министрлигинин карамагына өткөрүлгөн.

Ал эми андан сырткары ич ара демөөрчүлүк деген маселеге прокуратура көзөмөл жүргүзгөн эмес, себеби ал кылмыш ишинин алкагында болгон эмес. Ал эми азыр Аскер прокуратурасында тергелип жаткан иштер боюнча, мамлекеттин кызыкчылыгынан сырткары, өзүнүн кызыкчылыгына ыйгарып алган, же ээлеп алган, басып алган мүлк же акча каражаттары боюнча жогоруда айткан кызматкерлердин үстүнөн иш тергелип жатат», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»