03:50, 8-апрель, 2026

Бишкекте оюн-зоок жайларынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт

На русском
16:03, 7-апрель, 2026 356

АКИpress - Бишкек мэриясында шаардагы сейил бактарда жана соода-оюн-зоок борборлорунда жабдууларды коопсуз иштетүү маселеси боюнча жыйын өттү. 

Жыйналышты вице-мэр Виктория Мозгачева жетектеди. Ага акимиаттардын, ӨКМ, ИИМ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Антимонополия кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында баа саясаты, коопсуздук талаптарынын сакталышы, оюн-зоок жабдууларынын техникалык абалы, ошондой эле көңүл ачуучу жайлардын ишине карата тартипти күчөтүү маселелери талкууланды.

Жайкы сезонго даярдык көрүү, анын ичинде балдардын коопсуздугун камсыздоо жана эс алуу жайларынын абалын жакшыртууга да көңүл бурулду. Мэрия белгилегендей, Бишкекте 6 сейил бак иштейт, дагы экөө реконструкциялоо стадиясында, ошондой эле соода борборлорунда 10 балдар аянтчасы бар.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтарга оюн-зоок жабдууларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, анын ичинде бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө тапшырылды. Ошондой эле, башаламан сооданы токтотуу боюнча чаралар көрүлүп, коомдук тамактануу жайлары текшерилет.

Бишкек ШИИБге «паровоз», батуттарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча иш жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн балдар аянтчаларынын жеткиликтүүлүгү маселеси каралат, анын ичинде жеңилдиктерди киргизүү же атайын күндөрдү белгилөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»