АКИpress - Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи эс-учун жоготкон абалда жатат, ал Ирандын Кум шаарында дарыланууда. Бул тууралуу «The Times» гезити америкалык жана израилдик чалгынчыларга шилтеме кылып жазды.
«Можтаба Хаменеи Кум шаарында дарыланып жатат, ал оор абалда жана чечим кабыл алууга катыша албайт», - деп айтылат Американын Перс булуңундагы союздаштарына жөнөтүлгөн дипломатиялык катта.
Кум шаары өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Тегерандан 140 километр алыстыкта жайгашкан. Ал ыйык деп эсептелет, ошондуктан ал жерге Можтаба Хаменеинин атасы жана Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеини жерге коюу пландалууда.
«Али Хаменеи 28-февралда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү жерге коюуга даярдалып жатат», - деп жазат «The Times».
Иран бийликтери Али Хаменеинин сөөгүн жерге коюуну кийинкиге калтырышкан, бирок бул кечигүү шииттердин өлгөндөрдү каза болгондон кийин дароо жерге коюу салтына байланыштуу суроо жаратты, деп белгилейт «The Times».
8-апрелде Хаменеинин каза болгонуна 40 күн болот, бул шииттерде аза күтүү мезгилинин аякташын билдирет.
Можтаба Хаменеи болсо 28-февралда жарадар болгон. «The New York Times» гезити Можтаба Хаменеи бутунан жаракат алганын жазган. Бир нече күндөн кийин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Можтаба Хаменеинин жаракат алганын, бирок өзүн жакшы сезип жатканын билдирген. Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайлангандан бери коомчулукка чыга элек болчу.