АКИpress - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев Ички иштер органдарынын кызматкери Тимурлан Кулназаровду Бишкек шаардык кеңешинин «Патриот» төш белгиси менен сыйлады.
Шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлык иттердин кол салуусунан жабыркаган балага жардам берүүдө ыкчам чечим кабыл алгандыгы, жоопкерчилиги жана эрдиги үчүн ыйгарылды.
Төрага мындай иш-аракеттер чыныгы патриотизмдин көрүнүшү жана коомчулук үчүн үлгү болуп саналат деди.
Сыйлоо аземине Бишкек шаардык кеңешинин фракция лидерлери, ошондой эле туруктуу комиссиялардын төрагалары катышты.
- 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарга иттер кол салган. Бул тууралуу укук коргоо органдарына квартал башчысы маалымдаган.
- Кулназаров баланы ооруканага жеткирүүгө жардам берген. Учурда Умардын абалы турукташып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду.