АКИpress - Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, эркиндиктен ажыратуу менен байланышпаган чечимди чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т.дан 26 миң доллар алган. Бирок маселени Т.М.Т.нын пайдасына чечип бере алган эмес.
УКМК билдиргендей, судья мурда алынган акчанын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кармалды. 3-апрелде Судьялар кеңеши аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
«6-апрелде судьяга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди», - дейт УКМК.