05:55, 8-апрель, 2026

Кыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды

15:28, 7-апрель, 2026 (Жаңыланды: 15:29, 7-апрель, 2026) 367

АКИpress - Кыргызстанда балыктардын урук чачуу мезгилине байланыштуу спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди.

Чектөөлөр балыктын түрүнө жана аймактарга жараша төмөнкүдөй тартипте колдонулат:

Ысык-Көл облусу боюнча:

Ысык-Көл чабагы: 1-апрелден 15-майга чейин (бул мезгилде электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат);

Майда балыктар: 1-майдан 1-июлга чейин;

Каңылтыр балыгы: 15-майдан 15-июлга чейин.

Республиканын башка суу объекттери боюнча:

Ири бөлүкчө балыктар: 5-майдан 20-июнга чейин;

Майда бөлүкчө балыктар: 15-апрелден 5-июнга чейин;

Дарыя маринкасы: 15-майдан 1-июлга чейин.

Дарыялардагы баалуу балыктардын түрлөрү:

Осман: 1-июндан 15-июлга чейин;

Амударыя форели: 15-октябрдан 15-декабрга чейин;

Ысык-Көл форели: 1-октябрдан 15-декабрга чейин.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»