00:32, 8-апрель, 2026

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү жолукту

На русском
15:18, 7-апрель, 2026 202

АКИpress - 7-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасында жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен Баткендеги «Боз-Адыр» чек ара заставасынын аймагында өттү. Ага Кыргызстандын Баткен участогу боюнча чек ара өкүлү жана Өзбекстандын Сох участогу боюнча өкүлү катышты.

Тараптар чек арачылардын жүрүм-турум эрежелери боюнча практикалык сабактарды өткөрүп, 2026-жылга карата өз ара аракеттенүү планын такташты, ошондой эле биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн белгилешти.

Чек ара кызматы кошумчалагандай, жолугушуу ишкердик маанайда өттү. Катышуучулар чек арага жакын аймактарда туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилешип, жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»