01:28, 8-апрель, 2026

Ошто мыйзам бузуулар үчүн «Ак-Кайың» курулуш компаниясы айыпка жыгылды

На русском
14:13, 7-апрель, 2026 371

АКИpress - Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы кайрылуулардын негизинде шаардагы объектте текшерүү жүргүздү, деп билдирди 7-апрелде Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы.

Сөз болуп жаткан 16 кабаттуу турак үй комплекси Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан.

Текшерүү учурунда коопсуздук техникасынын талаптарынын бузулушу, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги, ошондой эле жумушчулар үчүн шарттардын ылайыксыздыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Ак-Кайың» ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»