АКИpress - 8-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн +8...+13
күндүз +14...+19
Талас өрөөнү
түнкүсүн +3...+8
күндүз +13...+18
Баткен облусу
түнкүсүн +8...+10
күндүз +15...+17
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +8...+13
күндүз +15...+20
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +4...+9
күндүз +16...+21
Нарын облусу
түнкүсүн 0...+5
күндүз +15...+20
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -2...-7
күндүз +2...+7
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +16...+18 градус болот.