21:39, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
06:36, 7-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө

Бангладеште кызамыктын жайылышынан улам шашылыш эмдөө башталды

На русском
12:21, 7-апрель, 2026 231

АКИpress - Бангладеште кызамыктын тез жайылышынан улам эмдөө кампаниясы башталды. Ушул үч жуманын ичинде 100дөн ашуун адам, негизинен балдар каза болгондугун «Би-би-си» билдирди.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 15-марттан бери өлкөдө оорунун 7500дөн ашуун учуру катталган, ал эми 2025-жылдын ичинде бул инфекциянын 125 гана учуру байкалган.

170 млн калкы бар Бангладеште балдарга тогуз айлык курагынан баштап пландалган эмдөө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, өлкөдө 4 жылда бир жолу кызамыкка каршы атайын эмдөө кампаниялары өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, жайылып кеткен ооруга чалдыккандардын болжол менен үчтөн бири 9 айга чейинки балдар.

«2020-жылдан бери кызамыкка каршы атайын эмдөө кампаниялары өткөрүлгөн эмес, адегенде Covid-19га байланыштуу, андан кийин «саясий кырдаалдан» улам», – деди БУУнун Бангладеш боюнча өкүлү Рана Флауэрс.

2024-жылы Бангладеште өкмөткө каршы массалык нааразылык акцияларынан кийин премьер-министр Шейх Хасина бийликтен кеткен. Кийин убактылуу өкмөт бийликке келип, ушул жылдын февраль айында гана өлкөдө жаңы өкмөт шайланган. Вакцинанын жетишсиздиги үчүн сатып алууну көзөмөлдөбөгөн мурунку убактылуу өкмөт күнөөлүү деп эсептелинүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»