14:55, 7-апрель, 2026

«Крокустагы» теракт боюнча соттолгон адам өз жанын кыйды

На русском
11:44, 7-апрель, 2026 478

АКИpress - «Крокус Сити Холлдогу» теракт иши боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган адам тергөө абагында өз жанын кыйды. Бул тууралуу Россиянын Жаза аткаруу тутумунун федералдык кызматынын (ЖАФК) Москвадагы башкармалыгы билдирди.

«РИА Новости» жана «Коммерсант» гезитинин маалыматына ылайык, 37 жаштагы Якубжони Юсуфзода өзүн-өзү өлтүргөн.

ЖМКлар Юсуфзода Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагында каза болгонун айтышууда. Камактагы жаран ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.

Ведомствонун басма сөз кызматы бул факт видео көзөмөл жаздырууларына түшүп калганын жана ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Маалым болгондой, Юсуфзоданын банк картасы аркылуу «Крокустагы» теракт каржыланган, бирок суракта ал муну билбегенин айткан. Юсуфзода исламдагы радикал агымдарды жайылткан каналдын мүчөсү болуп, бул жамааттын администраторунун тапшырмаларын аткарган. Теракттан көп өтпөй Юсуфзода «Внуково» аэропортуна барып, эң жакынкы каттамга билет алмак болгон, бирок паспорттук көзөмөлдө кармалган. 

12-мартта 2-Батыш округдук аскер соту Юсуфзоданы жана дагы 14 адамды өмүр бою эркинен ажыраткан. Дагы төрт кишиге 19 жыл 11 айдан 22,5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.

«Крокус Сити Холлдогу» теракт 2024-жылдын 22-мартында Москва облусунун Красногорск шаарында болгон: куралчан адамдар «Пикник» тобунун концертине келгендерди аткылашкан. 147 адам каза болуп, үчөө дайынсыз жоголгон, 336 адам жаракат алып, 600дөн ашуун адам жабырлануучу деп табылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»