21:43, 7-апрель, 2026

Америкадан учкан астронавттар Айды айланып, рекорд жаратышты

На русском
11:01, 7-апрель, 2026 407

АКИpress - «Артемида-2» миссиясынын астронавттары дүйшөмбү күнү космостук учуулар тарыхында Жерден эң алыс аралыкка учуп, Айдын аркы тарабын көрүштү. Алар Айдын бетин кылдаттык менен карап чыгышты. Бул тууралуу «Би-би-си» жазды.

«НАСАнын астронавттары Рид Уайзмен, Виктор Гловер жана Кристина Кох, ошондой эле Канаданын астронавты Жереми Хансенден турган «Артемида-2» миссиясынын экипажы 1970-жылы «Аполлон-13» тарабынан коюлган рекордду жаңылап, Жерден эң алыс аралыкка жеткен пилоттук миссиянын рекордун орнотту», - деп билдиришти НАСАдан.

«Аполлон-13» экипажы Жерден 400 миң 171 км аралыкка чейин кеткен. «Артемида-2» 406 миң 771 километрге чейин жеткендигин НАСА билдирди.

Космос кемеси Айдын аркы бетине өткөндө байланыш үзүлгөн. Бул 40 мүнөткө созулду жана алдын ала эле ушундай убакыт пландалган болчу.

Айдын аркы бетине учуп баратканда кеме Айдын бетинен 6550 км аралыкта болгон. Мындай аралыктан астронавттар деталдуу сүрөттөрдү тартышты.

Азыр астронавттар Жерге кайтып келе жатышат. Алар күндүн тутулушун да көрүп, аны сүрөт жана видеого тартышкан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»