21:50, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
06:36, 7-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө

Мурдагы депутат Карганбек Самаковго таандык Байтиктеги 10 га жерге көп кабаттуу үй курулат

На русском
10:49, 7-апрель, 2026 1060

АКИpress - Министрлер кабинети Аламүдүн районунун Байтик баатыр айыл аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш категориясына которду.

Тийиштүү токтом № 208 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган.

Документке ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жеке менчигиндеги 10 га жер трансформацияланат.

Сөз болуп жаткан жерлер № 202 контурда 4,37 га жана № 411 контурда 5,63 га аянтты ээлейт.

Токтомдо белгиленгендей, бул чечим Чүй облусунун Байтик баатыр айыл аймагынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында кабыл алынган.

Аламүдүн районунун акимчилигине жер-укуктук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, тилкелердин максаттуу пайдаланылышын камсыздоо жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Маселе тууралуу:

2015-жылдын 14-майында Башкы прокуратура Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл округдарындагы жалпы аянты 262 гектар жер тилке мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен Карганбек Самаковго жана башка адамдарга карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратура билдиргендей, К.Самаков 2007-жылдын аягында жакын чөйрөсүндөгү адамдарды (туугандары, жардамчылары жана башкаларды) тартып, Лебединовка (134,2 га – сугат айдоо жери) жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн (100 га – сугат жана кайрак айдоо жери) аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкелерди сатып алып, ошондой эле Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (28,1 га – жайыт жана 14,3 га – айылга жакын жайыт, жалпысынан 262,3 га) ижарага алган. Муну менен ал аталган тилкелерди трансформациялап, сатууну максат кылгандыгы айтылган.

«К.Самаков Ж.Бакиевге жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык катары, Байтик айылында жайгашкан «Давос» турак жай комплексинин аймагына мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын кичүү иниси Жаныш Бакиев, ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаев үчүн элиталык турак үйлөрдү курууну пландаган. Бирок, 2010-жылдын апрель окуяларына байланыштуу К.Самаков жогоруда аты аталган адамдарга турак үйлөрдү куруп, өткөрүп бере алган эмес», - деп айтылат иштин материалдарында.

Юстиция министрлигинин  маалыматына ылайык, «Давос» шаарчасынын менчик ээлеринин коомдук бирикмесинин жетекчиси Карымбаев Эрнис Керимбекович, уюштуруучулары: Карымбаев Эрнис Керимбекович, Муңайтбасов Насирдин Садырович, Апосту Денис Владимирович, Чынбаев Кенжебек Төлөгөнович.

Самаков алгач 10 жылга кесилип, андан кийин акталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»