20:33, 7-апрель, 2026

Иран АКШнын убактылуу ок атышууну токтотуу сунушун четке какты

На русском
10:24, 7-апрель, 2026 263

АКИpress - Иран АКШнын убактылуу ок атышууну токтотуу сунушун четке кагып, согуштук аракеттерди толугу менен токтотууну талап кылууда. Тегеран өз позициясын жана согушту аяктоо үчүн шарттарынын тизмесин Пакистан аркылуу жөнөттү. Бул туууралуу «IRNA» агенттиги билдирди.

«Axios» басылмасы америкалык аткаминерге шилтеме берүү менен билдиргендей, Иран тараптын жообу максималисттик мүнөздө жана бул дипломатиялык жөнгө салууга жол ачабы же жокпу, азырынча белгисиз.

«IRNAнын» маалыматы боюнча, 10 пункттан турган документте Иран негизги шарттардын катарында Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүү протоколун макулдашууну, санкцияларды алып салууну, ошондой эле согуш аяктагандан кийин өлкөнү калыбына келтирүүгө АКШнын катышуусун талап кылган. Буга чейин Иран бийлиги АКШ менен болгон мурунку сүйлөшүү тажрыйбаларына таянып, кыска мөөнөттүү келишимге кызыкдар эместигин билдирген.

«Axios» өз булактарына таянып, Вашингтон менен Тегеран Пакистан, Египет жана Түркиянын ортомчулугу астында согушту токтотуунун биринчи этабы катары 45 күндүк мөөнөткө ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышканын жазган. Ошол эле учурда басылманын маектештери, бул мезгил андан аркы эскалациядан качуунун акыркы аракети катары каралганына карабастан, жакынкы 48 саатта макулдашууга жетишүү ыктымалдыгы төмөн экенин белгилешкен.

«Axios’тун» маалыматына караганда, АКШ администрациясы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган учурда Ирандын энергетикалык инфраструктурасына массалык сокку уруу планын даярдаган. АКШ президенти Дональд Трамп ультиматумдун мөөнөтү 7-апрелге караган түнү бүтөөрүн айтып, аны акыркы дедлайн деп атаган. Буга чейин ал Тегерандан Ормуз кысыгын ачууну жана келишим түзүүнү талап кылып, болбосо Ирандын башына тозок ачарын айтып коркуткан.

«Axios» белгилегендей, сүйлөшүүлөр АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин ортосундагы кат алышуулар аркылуу да жүрүүдө. Акыркы күндөрү Вашингтон Тегеранга бир нече сунушту берген, бирок алардын бири да кабыл алынган эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»