14:13, 7-апрель, 2026

Кыргызстандын гумжардамы Иранга жетти

На русском
10:05, 7-апрель, 2026 324

АКИpress - Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жүк Иранга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Жүк Түркмөнстан менен Ирандын чек арасына жакын жайгашкан Серахс шаарына барды. Бажы текшерүүлөрү бүткөндөн кийин жардам расмий түрдө өткөрүлүп берилет.

3-апрелде Кыргызстандан 129 тонна гуманитардык жүк жүктөлгөн жети унаа жолго чыккан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»