18:53, 7-апрель, 2026

Иран жана Жакынкы Чыгыштагы абал: Кайсы өлкөдө күйүүчү май кымбаттады?

На русском
09:15, 7-апрель, 2026 367

АКИpress - Азия өлкөлөрүндө бензин билинерлик деңгээлде кымбаттады, ал эми Европа менен Израилде бул өсүш анча билинген жок, деп «Курсов»  жазды.

Иранга каршы согуш дүйнөлүк энергетика рыногун туруксуз кылууда жана анын кесепеттери дүйнө жүзү боюнча май куюучу жайларда сезилип жатат. Өткөн айда көптөгөн өлкөдө бензиндин жана дизелдик отундун баасы кескин өстү, айрым учурларда баа ондогон пайызга чейин секирди.

Эң жогору кымбаттоо Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө — Камбожада катталды. Ал жерде баалар дээрлик 68%га өстү. Андан кийинки орунда Мьянма 55%дан ашык өсүш менен, ал эми Филиппиндер – 54%га чейинки өсүш менен турат. Вьетнамда күйүүчү майдын баасы дээрлик 50%га өстү. 

Башка аймактарда да баалардын олуттуу өсүшү байкалууда. Нигерияда жана Зимбабведе баалар 40%дан дээрлик 50%га чейин, Австралияда – 42%га чейин өстү. Гватемалада, Шри-Ланкада жана Лаосто баалар 30–34%га жогорулады.

АКШда өсүш болжол менен 30%га жетти, айрыкча жээк аймактарында, ал эми Канадада – 25%дан 28%га чейин. Мунай өндүргөн өлкө статусуна ээ болгон Норвегияда да, салыктын жогорку жүгүнөн улам, күйүүчү майдын баасы дээрлик 24%га жогорулады.

Европада абал татаалыраак: дизель бензинге караганда тезирээк кымбаттап жатат. Испанияда дизель болжол менен 35%га өстү – бул континенттеги эң жогорку көрсөткүч. Францияда жана Германияда дизелдин баасынын өсүшү болжол менен 32,5%ды түздү, ал эми бензин болгону 17–18%га кымбаттады.

Кээ бир өлкөлөр өсүштү жарым-жартылай кармоого жетишти. Кытайда баалар болжол менен 11%га, Бразилияда – 10%га, ал эми Индияда – болгону 5%га кымбаттады. Индия арзан баада мунай сатып алуу жана мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын аркасында кырдаалды кармап тура алды.

Израилде болсо баа болжол менен 15%га өстү. 

Аналитиктер Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук жана Ормуз кысыгынын тегерегиндеги абал рынокко басым жасоону улантат деген пикирге келишти. Бул күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшү улана турганын, ал эми импортко көз каранды өлкөлөр үчүн абал өзгөчө сезимтал бойдон калаарын билдирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»