АКИpress - Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин пландан тышкары текшерди.
Текшерүү шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын жана долбоордук-уруксат берүүчү документтердин бар-жогун аныктоого багытталды.
Анын жыйынтыгында «Күмүш булак» эс алуу жайы жана «Таш-Дөбө-Форель» коомдук тамактануу жайы тиешелүү уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.
Мыйзам бузуулар боюнча 200 000 сом айып салынды. Талаптар толук аткарылганга чейин объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.