19:51, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
06:36, 7-апрель, 2026 (16 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө
15:29, 7-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Кыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Гүлжигит Алыкулов Беларуста кооз гол киргизди. Видео

На русском
16:48, 6-апрель, 2026 1974

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларус чемпионатында катары менен экинчи беттеште гол киргизди.

Жогорку лиганын экинчи турунда кыргызстандык оюнчунун «Динамо» (Минск) командасы өз үйүндө «Белшинаны» кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Алыкулов 63-мүнөттө талаага чыгып, 13 мүнөттөн кийин кооз гол киргизди.

Кыргызстандык оюнчу үчүн бул гол жаңы сезондогу экинчи голу. Биринчи турда Алыкулов «Славиянын» дарбазасына гол киргизген (2:1).

Алыкулов марттын аягында Түркияда өткөн Кыргызстандын курама командасынын окуу-машыгуусуна чакырылган. Бирок Кыргыз футбол биримдиги оюнчу жаракат алганын жана машыгууга катыша албай турганын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»