13:48, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:33, 7-апрель, 2026 (21 адам окуп жатат)
Жаан жаап, күн күркүрөйт — 8-апрелге карата аба ырайы
13:37, 7-апрель, 2026 (20 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
13:35, 7-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Таш-Көмүрдүн мэри кызматтан бошотулду

Новопавловкада акциздик маркасы жок мотор майы сатылып келгени аныкталды

На русском
14:40, 6-апрель, 2026 325

АКИpress - Новопавловка айылында акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды деп, Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 294 даана белгиленген тартипте маркаланбаган, түрдүү идиштердеги мотор майы табылды. Алынган продукциянын жалпы көлөмү 10,8 миң литрди түздү, ал эми баасы 3 млн сомго барабар.

Бул факт боюнча процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»