10:28, 7-апрель, 2026

9-апрелде Бишкектин түндүк тарабында ичүүчү суу болбойт

На русском
13:42, 6-апрель, 2026 235

АКИpress - 9-апрелде Бишкектин түндүк тарабында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объекттеринде болбойт.

Суу өчүрүлө турчу аймак: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси,  Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

Өчүрүү «Белинский» суу алгычында жана шаардын суу түтүк тармактарында оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»