19:52, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (20 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
06:36, 7-апрель, 2026 (17 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө
15:29, 7-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Кыргызстанда балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Баткенде алимент төлөбөгөн адам 2 жылга эркинен ажыратылды

На русском
13:34, 6-апрель, 2026 358

АКИpress - Баткенде алимент төлөөдөн качкан адам 2 жылга эркинен ажыратылды, деп билдирди Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы.

Баткен облусунун бөлүмүнүн өндүрүшүндө О.Ж.Г. аттуу жарандын пайдасына кирешенин жарымын алимент катары өндүрүп алуу боюнча Д.С.К. аттуу карызкорго карата аткаруу өндүрүшү болгон.

Анын жүрүшүндө 2022-жылдын 8-декабрынан 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн алимент боюнча карыз 425 миң 801 сомду түзгөнү аныкталган.

Алимент төлөөбөгөндүгүнө байланыштуу материалдар сотко жөнөтүлүп, 2026-жылдын 3-апрелинде Баткен райондук сотунун өкүмү менен Д.С.К. сот залында камакка алынып, 2 жылга эркинен ажыратылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»