14:03, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (68 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
12:33, 7-апрель, 2026 (32 адам окуп жатат)
Жаан жаап, күн күркүрөйт — 8-апрелге карата аба ырайы
09:59, 7-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
«АКИpress'ке» жумушка чакырабыз

Бишкектеги Азия чемпионатында Асан Жанышов жарым финалга чыкты

На русском
13:14, 6-апрель, 2026 251

АКИpress - Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды.

Ал 87 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Жанышов мелдешти 1/4 финалдык баскычтан баштап, Түркмөнстандан келген балбанды 30 секунддун ичинде жеңди. Эми жарым финалда анын атаандашы Казакстандын өкүлү болот.

Буга чейин жарым финалга Улан Муратбек уулу, Афтандил Таалайбеков жана Акжол Махмудов чыгышкан. Жарым финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Беттештер:

1/4 финал: Асан Жанышов — Довлетмурат Байрамов (Түркмөнстан) — 10:0

Жарым финал: Асан Жанышов — Нурсултан Турсынов (Казакстан)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»