21:47, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
06:36, 7-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө
15:33, 7-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Аламүдүн районундагы судья кармалды

Чек арадан баасы 12 млн сомдук товар өлкөгө киргизилген жок

На русском
09:38, 6-апрель, 2026 335

АКИpress - Өлкө аймагына ири көлөмдөгү дары-дармектер жана эл керектөөчү түрдүү товар мыйзамсыз киргизилгени жаткан. Бул аракетке бөгөт коюлду, деп маалымдады Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок алып келинген медициналык каражаттар, ошондой эле түрдүү азык-түлүк азыктары табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эсеби жок товарлардын жалпы наркы 12 млн сомдон ашык.

Учурда бул факт боюнча материалдар эсеби жок товарды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»