13:43, 6-апрель, 2026

Спорт ордосундагы бассейндин долбоорун иштеп чыгуу үчүн 15,7 млн сомго тендер жарыяланды

На русском
09:33, 6-апрель, 2026 196

АКИpress - Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун олимпиадалык бассейнинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, сатып алуу ыкмасы — квалификациялык талаптарды эске алуу менен котировкаларды суроо.

Болжолдуу сумма 15 млн 725 миң 646 сомду түзөт.

Арыздар 7-апрель, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»