АКИpress - Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.
Кыргызстандык балбан 77 кг чейинки салмак категориясында катышып, мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштаган.
Махмудов алгач Жапониядан келген спортчуну жеңип, андан соң Казакстандын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда утту. Эми жарым финалда Өзбекстандын балбаны менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Беттештер:
1/8 финал: Акжол Махмудов — Исами Хорикита (Жапония) — 7:3
1/4 финал: Акжол Махмудов — Кахраман Киссыметов (Казакстан) — 9:1
Жарым финал: Акжол Махмудов — Дониёрхон Накибов (Өзбекстан)