АКИpress - 3-апрелде борбордук аянтта Бишкек ШИИБдин жеке курамы гарнизондук сапка тизилген. Анда ШИИББ башчысы жеке курамдын алдына бир катар милдеттерди койду.
Алар:
- «102» номуруна болгон бардык кайрылууларды тейлөө;
- ички иштер органдарына кайрылган жарандарга жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматын көрсөтүү, арыздарга жана даттанууларга байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү;
- суу объекттеринин, каналдардын, бассейндин жанында кырсыктарды алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү;
- коомдук жайларда тартипти бузгандарга чара көрүү;
- мас абалында автоунаа башкарган жарандарды аныктоо, мобилдик постторду уюштуруу жана жол эрежесин бузгандарды жазалоо;
- базарлардын, соода борборлорунун жана башка жерлердин жанындагы тыгындарды жоюу;
- көңүл ачуучу жайларга рейддерди өткөрүү;
- түнкүсүн көчөдө жалгыз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо.
Ички иштер органдарынын миңден ашуун кызматкери ушул жумадагы эс алуу күндөрү коопсуздукту камсыз кылып жатышат.