22:01, 4-апрель, 2026

Бишкектеги милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөттү

На русском
20:03, 4-апрель, 2026 651

АКИpress - 3-апрелде борбордук аянтта Бишкек ШИИБдин жеке курамы гарнизондук сапка тизилген. Анда ШИИББ башчысы жеке курамдын алдына бир катар милдеттерди койду.

Алар:

- «102» номуруна болгон бардык кайрылууларды тейлөө;

- ички иштер органдарына кайрылган жарандарга жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматын көрсөтүү, арыздарга жана даттанууларга байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү;

- суу объекттеринин, каналдардын, бассейндин жанында кырсыктарды алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү;

- коомдук жайларда тартипти бузгандарга чара көрүү;

- мас абалында автоунаа башкарган жарандарды аныктоо, мобилдик постторду уюштуруу жана жол эрежесин бузгандарды жазалоо;

- базарлардын, соода борборлорунун жана башка жерлердин жанындагы тыгындарды жоюу;

- көңүл ачуучу жайларга рейддерди өткөрүү;

- түнкүсүн көчөдө жалгыз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо.

Ички иштер органдарынын миңден ашуун кызматкери ушул жумадагы эс алуу  күндөрү коопсуздукту камсыз кылып жатышат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»