АКИpress - 7-апрелде саат 09:00 — 02:00 аралыгында Бишкек шаарындагы айрым турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана социалдык-тиричилик, өнөр жай объектилерине таза суу берилбейт. Мындай эскертүүнү мэриянын басма сөз кызматы таратты.
Дарек:
- Алыкулов—Кустанай—Муромск—Садыгалиев—Л.Толстой көчөлөрү—«Coca-Cola» аймагы;
- Садыгалиев—Д.Сяопин проспектиси—П.Лумумба—Волков—Кустанай;
- Алимжан-Ата—Ленская—Космонавттар—Коммунаров—Чоң Чүй каналы—Ала-Арча дарыясы—Рыскулов көчөсү—Д.Сяопин—Пишпек—Жамгырчинов—П.Лумумба көчөлөрү жана Жамгырчинов көчөсүнөн тарта Садыгалиев көчөсүнө чейинки аймак;
- Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал жаңы конушу, Достук кичи району.
Мындай чектөө «Батыш» суу алгычын жана суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.