14:56, 4-апрель, 2026

Германиядагы 17–45 жаштагы эркектер өлкөдөн узак убакытка чыгууга уруксат алышы керек

На русском
13:02, 4-апрель, 2026 279

АКИpress - Германиядагы 17 жаштан 45 жашка чейинки бардык эркектер үч айдан ашык мөөнөткө чет өлкөгө чыгууну пландаштырса, саякаттын максатына карабастан бундесвердин карьера борборунан уруксат алышы керек. Бул талап аскердик кызматты модернизациялоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында 2026-жылдын башынан тарта күчүнө кирди, деп билдирет «Berliner Zeitung».

Буга чейин мындай эреже эки өзгөчө учурда гана колдонулуп келген: Бундестаг же НАТО тарабынан тышкы коркунуч аныкталганда же өлкөгө куралдуу кол салуу болгон учурда. Эми ал тынч мезгилде да күчүндө болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»