АКИpress - Мыкты адис болууну гана кыялданган Аида Салянова министр, башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты кызматтарын аркалоого жетишти. Мындай чоң кызматтардан кийин анын тагдырын чоң сыноолор да кыйгап өткөн жок.
Андан бери бир топ жылдар өттү, суулар акты дегендей… Бирок бул ысымга байланыштуу кептер, маалыматтар, жаңылыктар коомчулук үчүн кызыктуу экени талашсыз.
«АКИ маектин» кезектеги мейманы — Аида Салянова.