АКИpress - Бишкек шаарында «Селсаяк» аттуу профилактикалык иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкен жана кайырчылык менен алектенген үй-жайсыз адамдарды аныктап жатышат.
«Алар милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп жазылган маалыматта.