22:32, 3-апрель, 2026

Бишкекте «Селсаяк» профилактикалык иш-чарасы өтүүдө

На русском
17:57, 3-апрель, 2026 250

АКИpress - Бишкек шаарында «Селсаяк» аттуу профилактикалык иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкен жана кайырчылык менен алектенген үй-жайсыз адамдарды аныктап жатышат.

«Алар милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»