20:32, 3-апрель, 2026

Иттердин кол салуусунан жабыркаган баладан аны куткарган милиционер кабар алды

На русском
17:53, 3-апрель, 2026 567

АКИpress - Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул кызматынын туристтик ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Кулназаров иттердин кол салуусунан жабыркаган балага барды. Бул тууралуу 3-апрелде Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 6 жаштагы Умар аттуу балага иттер кол салган. Бул тууралуу укук коргоо органдарына квартал башчысы маалымдаган.

Кулназаров баланы ооруканага жеткирүүгө жардам берген. Учурда Умардын абалы турукташып, реанимация бөлүмүнөн жалпы палатага которулду.

Баланын ата-энеси милиция кызматкерине оперативдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»