АКИpress - Бишкек мэриясынын жетекчилиги Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин (СДЮШОР) Жукеев-Пудовкин көчөсү 41а дарегиндеги жаңы имаратына барышты.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул объектти Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Турак жай-курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы курган. Спорт залынын аянты 568 чарчы метрди түзөт.
Кароо учурунда борбор калаанын мэри объекттин пайдаланууга берүү мөөнөтүнүн кечиктирилишине нааразычылыгын билдирип, укуктук баа берүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү тапшырды.
Мэриядан кошумчалагандай, аталган объект 2025-жылдын 31-августунда расмий ачылган, бирок ушул күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.