00:13, 4-апрель, 2026

Президент жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын ишине өзгөртүү киргизди

На русском
17:34, 3-апрель, 2026 1322

АКИpress - Президент Садыр Жапаров 31-марттагы №119 тескеме менен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелерин карай турган мамлекеттик комиссиянын ишине өзгөртүү киргизди.

Документке ылайык, комиссиянын катчылыгы эми мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлдү. Комиссиянын жаңы курамы да бекитилди. Анын төрагасы болуп башкы прокурордун орун басары дайындалды. Ал эми төраганын орун басары болуп курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары бекитилди.

Комиссиянын курамына юстиция, айыл чарба, экология ресурстары, экономика министрликтеринин орун басарлары, ошондой эле жер, кадастр жана мамлекеттик мүлк боюнча мекемелердин өкүлдөрү кирди.

Мындан тышкары, комиссияга Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери, Президенттин администрациясынын, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрү да кошулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»