23:58, 3-апрель, 2026

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

На русском
17:28, 3-апрель, 2026 337

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрына чейинки аралыкта үч айдын ичинде 3 даана электр арабасын жана электролобзик алып келип берем деген убадага ишенип, 185 миң сом акча берген. Бирок убадаланган шарттар аткарылган эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Укук коргоо органдары аталган жарандын аракеттеринен жапа чеккендер же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (552) 97-98-06 же «102».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»