АКИpress - Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 4-июлунда борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2023-жылдын 26-июлунда Кытайга которуу үчүн 150 миң доллар акча берген. Бирок кийинчерээк алданып калганын билген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 1997-жылы туулган Х.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.