АКИpress - Бишкектин А.Токомбаев көчөсүндө болгон өлүмгө алып келген жол кырсыгына байланыштуу «Лексус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.
Кырсык 3-апрелге караган түнү болгон. Түнкү саат 2:00 чамасында А.Токомбаев көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан «Лексус 460» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2001-жылы туулган К.Б.А. «НТС» телеканалынын маңдайынан жөө адамдар өткөрүү үчүн токтогон «Хонда Фиттин» артына урунуп, кийин жөө адамды сүзгөн. Ал ошондой эле жол жээгинде токтоп турган эки унаага да зыян келтирген.
Кырсыктан улам 2001-жылы туулган Ш.З. аттуу жөө адам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Учурда унаа айып короого токтотулду, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.