21:37, 3-апрель, 2026

Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүү жүрдү

На русском
14:45, 3-апрель, 2026 219

АКИpress - 31-марттан 2-апрелге чейин Бишкекте Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өттү.

Энергетика министрлиги билдиргендей, бул ири энергетикалык долбоор Кыргыз Республикасынын аймагындагы Нарын дарыясында кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектростанцияны курууну камтыйт жана Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын тыгыз кызматташуусунун алкагында ишке ашырылат.

Жогорку деңгээлдеги делегацияларды Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстан Республикасынын энергетика боюнча вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстан Республикасынын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектешти.

Сүйлөшүүлөргө байкоочу катары Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»