АКИpress - 6-10-апрель күндөрү Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (темир жолдун 3901-чакырымы) Боом капчыгайында таштар түшүрүлөт.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы маалымдагандай, иштер күндүз жарык кезде — 10:00дөн 16:00гө чейин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай жапкандан кийин аткарылат.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча өткөрүлөт. 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.