04:02, 4-апрель, 2026

6-апрелге чейин «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары жабык болот

На русском
14:21, 3-апрель, 2026 449

АКИpress - Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт – унаа жол» жана «Эркечтам – унаа жол» өткөрмө пункттары 2026-жылдын 4-апрель күнү саат 20:00дөн тарта убактылуу жабылат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган өткөрмө пункттар Кытай тараптын демилгеси менен, өлкөдө «Цинмин» аталыштагы эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылат.

Өткөрмө пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2026-жылдын 6-апрелинен баштап жанданат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»