21:42, 3-апрель, 2026

Бишкекте «экинчи Ботаникалык бак» пайда болот, - мэрия

На русском
14:13, 3-апрель, 2026 213

АКИpress - Бишкекте «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинин базасында шаардыктар үчүн эс алуу зонасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу 3-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев ишкананын питомнигине барды. Учурда аймакка 50 миңге жакын көчөт алып келинип, анын ичинен 30 миң даана бийик өскөн дарактын көчөттөрү отургузулган.

Мэр иштин темпин тездетүүнү, анын ичинде питомниктин инфраструктурасын жакшыртуу жана кызматкерлер менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды. Тактап айтканда, эс алуу зоналарын уюштуруу жана аймакты коомдук жай катары өнүктүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, сапардын алкагында мэр ишканага автокран, чакан-экскаватор, фронталдык жүктөөчү, экскаватор, манипулятор жана шибер үчүн жабдууларды камтыган 12 даана жаңы атайын техника тапшырды.

Мэр «экинчи ботаникалык бак» деп атаган жай Багым тар көчөсү, 82а дарегинде жайгашкан.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»