23:32, 3-апрель, 2026

Бишкекте Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкери кармалды

На русском
13:20, 3-апрель, 2026 606

АКИpress - Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкери М.Н.М. кызматтык абалынан пайдаланып, алдоо жолу менен шектүүдөн 37 миң сом алган. Ал бул каражатты жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык чыгымды электрондук капчык аркылуу төлөп берем деп убада кылган.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, милиция кызматкери акчаны изин жашыруу максатында, алгач тааныш аялынын электрондук капчыгына котортуп, андан соң өзүнүн жеке банктык эсебине которууну суранган.

Учурда шектүү М.Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»